Парламент комитетинде майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясы тууралуу мыйзам долбоору каралды

Кечээ, 15-январда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун максаты - бардык майып адамдардын укуктарын жана негизги эркиндиктерин, ошондой эле аларга тиешелүү аброюн сыйлоого артыкчылык берүү менен камтылган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаеванын айтымында, 2018-жылдын 1-январына карата Кыргыз мамлекетиндеги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны 181 миң адамды түзөт.

"Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 миллиард 647 миллион сом керектелет. Анын ичинен иш-чараларга 1 миллиард 575 миллион сом, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, маданий жашоого катышууга, эс алууга, спорт менен машыгууга, инфраструктураны жакшыртууга 5 миллиард 72 миллион сом керек болот", - дейт Жаңыл Алыбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан