Бүгүн, 16-январда парламенттин жалпы жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында "Инвестициялык фонддордун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" бириктирилген мыйзам долбоору каралды.
Анда мыйзам долбоору аркылуу колдонулуп жаткан инвестициялык фонддордун түрлөрүнө толуктоолор киргизилет. Алар - квалификациялуу инвесторлор үчүн түзүлгөн акционердик инвестициялык фонд менен жабык үлүштүк инвестициялык фонд.
Ошондой эле баалуу кагаздарды чыгаруу жана аларды ачык жайгаштыруу аркылуу акча каражаттарын тартуу максатында инвестициялык фонддор түзүлөт. Мындан тышкары мыйзам долбоору менен баалуу кагаздарды ачык жайгаштырууну "жекече сунуш" менен толуктоо сунуш кылынат, инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарын эмиссия кылуунун ыкмалары кеңейтилет.
Жыйынтыгында экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер - депутаттар тобу жана өкмөт.