1-январдан тарта кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестри ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 16-январдагы маалымат жыйында Башкы прокуратуранын ыкчам изилдөө иштерин жана тергөөнү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын прокурору Нурлан Качыгулов билдирди.
Анын айтымында, бирдиктүү реестрге кылмышка байланыштуу арыздар катталат. "Эми кылмыш ишин козгоо үчүн тергөөчү атайын токтом чыгарбайт. Бирдиктүү реестрине жарандардан түшкөн арыздарды жана билдирүүлөрдү каттайт жана ошол убактан тартып тергөө иш-чараларын жүргүзүлөт. Мурда тергөөгө чейин текшерүү иштери жүргүзүлчү. Текшерүү учурунда күбө, жабырлануучу, шектүүлөрдөн түшүнүк алынып келген. Материалдар топтолгондон кийин тиешелүү адамдарга кылмыш иши козголуп, суракка алынчу. Соттон дагы сурак беришчү. Ошондо күбө, жабырлануучу, шектүүлөр 3 жолу сурак берип келген. Азыр болсо бирдиктүү реестрге катталгандан кийин өндүрүш учурунда бир жолу, андан соң соттон сурак алынат", - дейт ал.