"Жаңы кодекс боюнча эми соттор соттолуучулардын жаза өтөө режимин аныктабайт" дейт Башкы прокуратуранын өкүлү

Эми соттор соттолуучулардын жаза өтөө режимин аныктабайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда маалымат жыйында Башкы прокуратуранын ыкчам изилдөө иштерин жана тергөөнү көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын прокурору Айбек Жумабаев билдирди.

Ал билдиргендей, бул өзгөрүүлөр жаңы Жазык-процесстик кодексине киргизилди.

"Анда соттолуучулардын жаза өтөө режимин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы атайын комиссия аныктайт. Комиссиянын ар бир мүчөсү протоколго кол коёт. Сот жаранды 5 жылга чейин эркинен ажыратуу тууралуу жаза кабыл алса, аны күчөтүлгөн режимдеги колонияга жөнөтүүгө комиссиянын мүмкүнчүлүгү жок. Бардык нерсе жазадан көз каранды болот", - деди Жумабаев.

Мурда соттолуучулардын жаза өтөө режимин соттор аныктап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tular
2019-01-16 14:39:08
Ошол комиссияга кантип мучо (член) болсо болот экен?!
0
atanazarov10
2019-01-16 15:15:48
tular,ал учун сен бир байдын же депутатын жакын тууганы болушун керек.

+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан