Улуттук статистика комитетинин төрагасы: "2018-жылы өлкөдөгү орточо айлык акы 15 миң 747 сомду түздү"

Өткөн жылы өлкөдөгү орточо айлык акы 15 миң 747 сомду түзүп, 2017-жылга караганда 5,9 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы эң көп маалымат жана байланыш тармагында иштегендердин айлык маянасы өскөн.

"Өткөн жылы мейманкана жана коомдук тамактануу жайларынан башка бардык тармактарда орточо айлык акылардын баасынын жогорулашы байкалды.

Айлык маяналары маалымат жана байланыш тармагында 14,5 пайызга, курулуш тармагында 10,9 пайызга, дүң жана чекене соода тармагында 8,7 пайызга, ошондой эле кыймылсыз мүлктөрдү сатуу жана алуу тармагында 8,3 пайызга жогорулады.

Бардык тармактардагы айлыктардын орточо көлөмү 15 миң 747 сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 5,9 пайызга өстү", - деди Султанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Nursbaike
2019-01-16 12:31:39
Эй ХХХХХ бир элчин эле айына 3 млн алса статистика ошондой чыгатда. Эмне мугалим,калган кесиптегилер элчилер сыяктуу жашайт деп атасынарбы ?! Тукурдум статистикана
+6
boika85kg
2019-01-16 12:35:55
Куру сөз менен Сокенин 26миң айлыгына чыгарат окшойсуңар акырындан көтөрдүк деп отуруп.
+3
Nursbaike
2019-01-16 12:36:36
Статистика деген кошунам кундо аялын урат Мен кол которбойм ошондо статистика боюнча эки кундун биринде Мен аялымы уруп аткан болом деген экен бар философ
+4
zahid
2019-01-16 12:44:08
Ким алат экен 15мин
+2
tilek121277
2019-01-16 12:53:11
Түшүңөрдү сууга айтсанар
+2
nazgul1905
2019-01-16 12:59:41
5мин,10мин десенер оозунар кыйшайып калабы,убал-сооптон коркпогон жеп жутаарлар!!!
+5
Muratmipa
2019-01-16 13:04:05
nazgul1905,кечирип коесуз азыр 5 мин алган адам жокко эсе
-9
Umakg
2019-01-16 13:06:53
5-мин алгандар коп аз алгандар бар 10-мин эн коп айлык
+4
stal.ks
2019-01-16 13:45:13
статисканарды тушунбойм кантип эсептейсинер, менин оюмча мисалы балдар бакчасында коро шыпыргыч (дворник) 1000сом алса, чон кызматта иштеген адам 30мин сом айлык алса ошондо орточо айлык 15мин сом деп чыгарасынарбы?
+3
Farra16gsin
2019-01-16 13:45:13
Айтайын дейм супер мени өмүр бою банга кетиретта ошол статистикада иштегендер аман болушсун
+3
Flowhive
2019-01-16 14:28:13
Чындап кайсы кесип ээлери 15 миң сом аларын билгим келет.5 жылга чейинки эмгек стажы менен
+1
akylbek57
2019-01-16 14:39:18
Айлык 15 мин болсо, анан жанагы айып пулдун коломдору укмуш ко(40 км/ч) Ылдамдыктыкы-7500сом. Эки жолу айыпка жыгылсан калган жашоо токтойт экен да.Анан кайсы норма менен айып пулдун коломун чыгарып жатасынар?
+2
Take_men
2019-01-16 14:48:49
Мегакомдун жетекчиси 20 миң доллар алат деди беле?
+1
Mambetali
2019-01-16 15:19:59
Кой антип алдабагыла...
+2
kenen
2019-01-16 15:45:46
ЭЭ туугандар кайактагыны суйлойсунор, мен бир чон мекемеде иштейм бизде айлыктар 4500 дон 8200го чейин. менин айлыгым 5600 10 жылдан ашык стажым бар.
+1
Saidochka
2019-01-16 17:25:23
.......жепсинер,десем болот беле,жанды чыгарасынар да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан