Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн эсептелген финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн бошотуу тууралуу" мыйзам долбоору каралды.
Аталган жыйында социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин маалыматы угулду.
Ал мыйзам долбоорунун максаты - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансылык-экономикалык абалын турукташтыруу болуп саналарын билдирди.
"2020-жылдан тарта финансылык санкциялар менен туумдарды эсептен чыгарууга 5 жылдык мораторий жарыялоо керек. Анткени камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн арасында санкциялар менен туумдар баары бир кечилет деген туура эмес түшүнүк калыптанып калышы мүмкүн.Ошого карабастан аудит жыйынтыгында белгиленгендей, каржылык карыздар 2018-жылдын 1-январына карата 405,9 миллион сомду түздү", - деди Ирсалиев.
Депутат Кенжебек Бокоев аталган мекеме ушул кезге чейин 3,5 миллиард сом карызды чогулта албай келе жатканын эске салып, бул боюнча кайсы жетекчи жоопкерчиликке тартылганына кызыкты.
Социалдык фонддун башчысы төлөмдөрдү чогултуу менен карыздарды өндүрүү Салык кызматынын милдетине кирерин айтты.