Депутат Жээнчороев: "9-классты бүтүп, андан ары билимин улантпагандар жаман иштерге аралашып калууда"

Бүгүн, 16-январда парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттар тобу демилгелеген “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралууда.

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Жээнчороев мыйзам долбоору 9-классты бүтүрүп, андан ары билимин улантпаган өспүрүмдөргө багытталарын билдирди.

“Кыргыз мамлекети боюнча жылына 9 миң окуучу 9-классты бүтүп, андан ары билимин улантпай таштап коюп жатат. Алар окуусун таштап коюп, жаман иштерге тартылып, экстремизмге катышып калууда. Бул маселелердин алдын алуу керек. Мыйзам долбоорунун максаты да мектепти таштап койгон окуучуларга багытталат. 10-11-классты окубагандарга кесиптик окуу жайларда милдеттүү түрдө окуусун улантуусу каралат. Сабаттуу жаштарды өстүрүшүбүз зарыл. Анткени алар биздин келечек. Эгерде жыл сайын 9 миң окуучу эч жерде билим албай кала берсе, биздин келечек муундан эч нерсе чыкпайт”, - деди эл өкүлү.

Ошондой эле Жээнчороев мектептеги окуусун таштап, 15 жаштан көз жаргандардын саны да өсүп жатканын кошумчалады.

Эл өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун колдоого алуу керектигин айтышып, техникалык окуу жайларда окуган окуучуларды жатакана менен камсыздоо керек деген сунуштар берилди.

Мыйзам долбоорун ишке ашырууга бюджеттен 757 миллион сом керектелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан