Жогорку Сот өзүн-өзү өрттөйм деген Маманованын ишин кайра кароо үчүн шаардык сотко жиберди

Жогорку Сот өзүн-өзү өрттөйм деген Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Роза Маманованын арызын кайра карап чыгуу үчүн Кызыл-Кыя шаардык сотуна жиберди. Жогорку Соттун соттук жамааты мындай чечимди 15-январда кабыл алган.

Мамановага Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 2017-жылдын 4-октябрында алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шаардык соттун чечими менен бир жылга шарттуу кесилген. Кийин Маманова облустук сотко кайрылып, облустук сот шаардык соттун чечимин күчүндө калтырып койгон. Мындан улам Маманова Жогорку Сотко акыйкат чечим чыгарып берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Төрт баланын энеси Маманова буга чейин Бишкекке келип өзүн-өзү өрттөй турганын, ага Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери түрткү болуп жатканын SUPER.KG'ге айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bazake
2019-01-16 16:52:28
Бул эже өзү ар кимден акча ала берген, жабырланган карпайым адамдардын укугун коргоймун деп алган акчасын кайтарбай коет. Адвокат деле эмес экен, элди алдабаш керек болчу
0
Respect.
2019-01-16 17:02:30
Жок дегенде эшектин тушоосун чече ала турган сот барбы өзү Кыргызстанда. Райондуку шаарга өткөрүп берсе, шаардыгы жогорку сотко өткөрүп берсе.
Бири-бириңе өткөрүп жүрө бергиле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан