Жогорку Кеңеш адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун артка кайтарды

Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору артка кайтарылды.

Эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоору керек экенин айтышып, кайрадан жумушчу топ иштеп, комиссия карап чыгышы керектигин билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев эгерде мыйзам долбоору ишке кирсе, аны аткарууга лабораториялар жок экенин айтты.

"Кыргыз мамлекетинде лабораториялар жок. Андай лабораторияны куруп, керектүү жабдууну алууга 2,5 миллион доллар каражат керек. Бизде мындай каражат жок", - деди Каратаев.

Депутаттар мыйзам долбоору кабыл алынса жарандар боорун, бөйрөгүн алмаштыруу үчүн Индияга каттабай, жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалашты.

Бул мыйзам долбоорго президент каршы пикирин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kazakov1991
2019-01-17 00:54:41
бизге бул мыйзам туура келбейт азыр баш аламан заманда жашап жатабыз мыйзам кабыл алынып калса коптогон жаш балдар запчаска кетип калышы мумкун ....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан