Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев: "Күчүнө кирген кодекстерге даярдыктын жоктугу - бул бийликтин ушунчалык деңгээлде шалаакы экенинен кабар берет"

2017-жылга чейин кабыл алынган жаңы кодекстер ушул жылдын башынан тарта күчүнө кирди. Бирок бул нормалар коомчулуктун сынына кабылууда. Коомдук жайда түкүргөндөрдү 5500 сомго айыпка жыгуу талабы жарандарды кыжырлантып, өкмөттүн дарегине нааразычылыктарды туудурду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "түкүрүк мыйзамын" кайра карап чыгыш керек десе, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "туура эмес норма кирип калыптыр" деп айып пулду 5500 сомдон 1000 сомго түшүрүү каралып жатканын айтты.

SUPER.KG порталынын "Өкмөт "туура эмес норма экен" деп түкүрүккө салынчу айып пулду 5 эсе азайтууну чечти. Бул абылгазиевдик өкмөттүн жыл башынан күчүнө кирери белгилүү болгон кодекстер менен таанышып чыкпаганынан кабар береби?" деген соболуна коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жооп берди.

Ал “өкмөт 2 жыл бою кодекстерди ачып, окуп койгон эмес” дейт.

“Негизи бул кодекстер 2017-жылдын жаз мезгилинде кабыл алынып бүткөн. Андан бери дээрлик 2 жыл өтүп жатпайбы. Бул убакыт ичинде 5 чоң кодекстин күчүнө киришине ар бир бийлик бутагы даяр болушу керек эле. Талкууланып, чийки жерлери аныкталып, парламенттен, Конституциялык палатадан түшүндүрмөлөр алынышы шарт болчу. Бул бийликтин ушунчалык деңгээлде шалаакы экенинен кабар берет. Өкмөттүн 2 жыл бою жаңы кодекстерди барактап, карап койбогону далилденди. Мындан жыйынтык чыгарыш керек. Бул жерде жоопкерчилик өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана Жогорку Сотко барып такалат”, - дейт Каптагаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зиядин Жамалдинов, экс-депутат Камчыбек Ташиев, юрист Канатбек Азиз, Ак Үйдүн алдына барып түкүргөн Рамис Закирияевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан