"Ош базарындагы" курулуп жаткан жаңы соода имараты январь айынын башында пайдаланууга берилет деп пландалган. Бирок курулуш иштери аягына чыкпай калгандыктан соода орундары бериле элек. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына "Берекет" соода жайынын директору Жекшен Ильязов маалымдады.
"Курулуш иштеринин 1-этабы декабрь айынын аягында бүтүп, январь айынын башында жаңы имарат пайдаланууга берилмек. Бирок курулуш иштерин жүргүзүп жаткандар иштин аягына чыга элегине байланыштуу бүгүнкү күнгө чейин кармалууда. Ушул айдын аягына чейин убакыт берилди. Курулушчулар объектти бизге өткөрүп берери менен аны "Берекет" соода борборунда өрттөн жабыркаган 312 соодагерге беребиз. Соодагерлер менен келишим түзүлө элек, курулуш иштери аягына чыккандан кийин келишим түзөбүз", - дейт Ильязов.
Буга чейин белгилүү болгондой, жаңы курулуп жаткан 4 кабаттуу соода имаратынын курулуш иштеринин 2-этабы 2019-жылдын март айында аяктайт. Жаңы имараттын 1-кабатына азык-түлүктөрдү сатуу менен алектенген соодагерлер, 2-кабатка кир жуучу каражаттарын жана турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдарды сатуучулар, ал эми 3-кабатка кийим-кече жана кездемелер сатылуучу соода орундары жайгаштырылат.