Мындан туура 2 жыл мурун дал ушул күндүн таңы кыргыз эли үчүн каргашалуу, кандуу окуя менен аткан. Анда "Манас" эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан аймакка учак кулап, 39 адамдын өмүрү кыйылган. Кырсыкка кабылган Боинг 747-400F учагы Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учуп бара жатып, күйүүчү май куюу үчүн Бишкекке конмок болгону маалымдалган.
Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны болду. Анда бир катар мыйзам долбоорлору талкууга алынды. Каргашалуу учак кырсыгы тууралуу күндүн экинчи бөлүгүндө гана сөз болду. Төрага Дастанбек Жумабеков кырсыктан жабыркагандарга көрсөтүлгөн жардамдар тууралуу сүйлөгөндөн кийин депутаттар каза болгондорду эскеришти.