Өлкөдө жарандык коом институттарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Кыргыз мамлекетинде жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу максатында жарандык коом институттарынын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жыл сайын өтүүчү жыйынында өлкөдө жарандык коомдун орду чоң экенин билдирди.

"Коомдук кеңештер мамлекеттик органдардын ишине көмөк көрсөтүп, актуалдуу көйгөйлөрдү, анын ичинде коррупция маселесин чечүүгө жардамын берип, мамлекеттик органдардын тең укуктуу өнөктөшү болуп калды. Активдүү жарандык сектор мамлекеттик институттарды чыңдоо, алардын ишинин айкындыгын жана натыйжалуугун камсыздоо жаатында өз ордун тапты. Маанилүү жана керектүү жарандык демилгелерди талкуулоо жана алга жылдыруу боюнча башталган ишти улантуу зарыл. Коомдук кеңештер мамлекеттик органдардын тең укуктуу өнөктөшү жана көмөкчүсү болуп калуусу тийиш", – деди Өмүрбекова.

Коомдук кеңештерди түзүү учурунда алардын тажрыйбасына ар тараптуу талдоо жүргүзүлөт. Алардын милдеттерин жана укуктарын, ошондой эле иштөө механизмдерин баалоонун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан