"Футболка кийип келдиң" деп депутаттар сындаган Тынысов: "Мен Жогорку Кеңешке биринчи жолу бардым. Барарымды алдын ала билсем андай кийим менен бармак эмесмин"

Кечээ, 16-январда парламенттин жалпы жыйынында депутат Алмазбек Токторов Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду "Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз" деп сынга алган. Өз кезинде Тынысов бул абалды: "Бул футболка эмес, свитер. Жетекчибиз ооруп калганына байланыштуу мага бул жакка келеримди эртең менен эле айтышты", - деп түшүндүрдү.

Андан кийин вице-спикер Мирлан Бакиров Жогорку Кеңеш базар эмес экенин айтып, жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылган. Андан кийин Тынысов жыйындан чыгып кеткен болчу.

SUPER.KG порталы бул абал боюнча Талантбек Тынысовдун өзүнүн пикирин сурады: "Мен кечээ абалды аларга түшүндүрүп айттым, бирок ошондой мамиле болду. Азыр да мамлекеттик кызматкер болуп тургандыктан эч нерсе дей албайм, алардын өздөрүнө койдум. Ага чейин 3 жерден текшерип өткөрүштү, ошондо киргизбей коюшпайт беле. Мен Жогорку Кеңешке биринчи жолу бардым. Менде да кемчилик бар. Бирок барарымды алдын ала билсем андай кийим киймек эмесмин. Айтор, мен айткан себепти түшүнгүлөрү келген жок", - дейт.

Ошондой эле ал жыйындан кийин журналисттер бул учурду таратып, коомчулуктун талкуусуна түшөт деп ойлобогонун кошумчалап, жетекчиси тарабынан ага карата эч кандай нааразычылык жок экенин белгиледи.

Депутат Токторов менен Бакировдун өкмөт өкүлүнө карата жасалган бул мамилеси интернет айдыңында кызуу талкууга алынды. Пикирлердин арасында көпчүлүктүн көзүнчө адамдын кийими тууралуу айтып, сынга алуу туура эмес дегендер басымдуу. Айрымдар бул көрүнүштү Тынысовду кемсинтүү катары кабыл алышууда. Жыйында "Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралып жаткан. Тынысов Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелери тууралуу маалымат бере баштаганда эле сөзү кесилип, жыйындан чыгарылган болчу. Мындан улам коомчулук депутаттар алардын ишине эмес, кийимине көбүрөөк маани берди деп сыпаттоодо.

Жогорку Кеңешке келген өкмөт өкүлү “футболка кийип келдиң” деп жыйындан чыгарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
Azatbek.Svoboda.
2019-01-17 16:40:23
Буларга баарибир курсагы тойсо болду майкачан шорточанда бара беришет! Кеп кийимде эмес, айтып койгон создо эмес ошол айткан созду аткара билип ишке ашырыш керек!
0
Aikaaaa
2019-01-17 17:38:16
120 кой отурат деп, малканага барам деп ойлоду да
Элин Рамзан Кадыров кастюм, шым кийип, галстук тагынбай эле көтөрүп жатат
Эми бул биздин депутаттардын деңгээли ошончолук, андан ашыкча ойлоно алышпайт. Жогорку Кеңешке келесиңби кычыраган машина менен, кычыраган кийим кийип келишиң керек деп ойлошот. А мээң иштейби, колуңан бирдемке келеби иштери жок. Сырты жылтырак, ичи кылтырактар чогулуп алышкан. Ал жылтырактын бары элдин эсебинен келген, жеп, тоноп
+3
LadyB
2019-01-17 17:49:49
туура, Чиновниктер на всех уровнях, должны выглядет Отлично, они должны Пример давать своим внешним видом, своим хорошим воспитанием и высокой образованностью
-5
JaneEr
2019-01-17 19:10:37
Силер кыйраттасынарбы ыя галстук тагып?
0
Kanzada97
2019-01-17 21:47:03
Ушул кылганынар озунорго айланып башынарга муш болуп келсин!!!
+1
Gulnyr19
2019-01-17 22:33:16
Көйнөк галстук кийип кыйраткандар кийимден башка толгон токой маселелер бар ошону чечкиле мынча күйгүзбөсөңөр. Деңгээлиңер канчалык экенин көрсөттүңөр дагы бир жолу
+1
tatyna.amanbekovna
2019-01-18 00:46:10
" Уйунун эшигине карап баа бербе, ал уйдун ичинде жаркыраган адамдар жашап жатканда"- деген созду угуп калган элем. Айтайын дегеним, ошол свитердин ичинде, Токторов менен Бакировдун ак койногунун жакасынан дагы ак, таза журок болсо керек... Костюм шым кийсен эле бир нерсени кыйратып жиберсе, Кыргызстан эбак онолмок... "
Мындайларды:"Атын чыкпаса, жер ортто"- деп койчу беле???
+2
Perfekt
2019-01-18 01:21:59
Bul kishige ajbai boorum orudu,bul futbolka emes,sviter dep koiot.Tigi eki deputat jash balany urushkandai urushat da, kandai ekenderin korgozup koiushtu da
0
bakulya2015
2019-01-18 03:37:53
Адамды эч качан кийим катарга кошпойт акыл кошот. Уятты жок экен иши менен бааланат элге кийими менен эмес маданиятуу болгону менен ишиде жыйынтык болбосо кийиминде эмне.пайда тооба. Кээде элибиздин конулун ар тарапка буруу учун эле атайын оздорундо монтаж болуп жатабы депта ойлоп калам анткени буга чейин мынчалык иттик муноздор болуп элдин конулдорун тушургон эмес болгон бирок аз болгон. Мыны учак тушкон кырсык деле унутулуп баратат анын аягына чыкаан бироо жок тооба.
+1
Kymbatym
2019-01-18 08:13:29
Чоң эле адамды ажылдаган ит сыякта 120жепжутар талаганын
0
sher.
2019-01-18 11:27:10
Галстугу бар экен, калыстыгы жок экен деген силер болупсунар. Депутат болгуча тим эле проблемалардын баарын чечип жибергидей болуп шымааланасынар. Креслого отуруп алгандан кийин ушунчалык тез озгоросунор.Костюм-шым кийип алып эмнени кыйраттынар? Силерге окшогон депутаттардын айынан онуго албай атабыз.
0
jaskaaa
2019-01-18 12:45:42
Кийимге карап мамиле кылып калганбызбы? Эскертип койсо болот го. Маселе чечпей эле көйнөккө асылганы неси.
0
sezim
2019-01-18 16:00:17
Кыргызстанда сырткы келбетке, кийимге карата мамиле жасалып калганын эч ким танбайт! Жаны жумушка кирем деп барсан да башынан ылдый карашат, кийимине, тусуно карап мамиле башташат элдин баары муну билбечудой актанып жатышканын))
0
Edu_BoSS
2019-01-20 08:01:09
Биринчи озунорду билип алсанар болмок эя нерсеге тойбогон Фашистер!!!!
0
Edu_BoSS
2019-01-20 08:06:11
120 ды Ит аткандай атып еле салыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан