Бүгүн, 31-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Абдумалик Карачов чейрек финалга чыга алган жок.
Балбан 57 килограмм салмакта күч сынашып, мелдешти 1/32 финалдык баскычтан баштаган. Алгачкы беттешинде молдовалык балбан Андрей Витанды 11:6 эсебинде жеңсе, кийинки айлампада Гвинея-Бисаудан келген Диамантину Иуна Фафени 4:0 эсебинде уткан.
Ал эми 1/8 финалда Карачов беларусиялык Арыйан Тютрин менен беттешип, 3:5 эсебинде жеңилип калды. Эгерде бул балбан финалга чыкса Карачовдун колого мүмкүнчүлүгү бар.