Миграция кызматы чет элдик жарандарга Кыргыз өлкөсүндө ишкердик жүргүзүүгө, иштөөгө уруксат берүүнү 30 миң сомго көтөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов Бишкекте өтүп жаткан митингде билдирди. Анын айтымында, бул талап квалификациясы жогору жумушчулардын көбөйүшүнө шарт түзөт.
"Кыргыз жеринде иштеп жаткан чет элдик ишканаларда иштегендердин 80 пайызы Кыргыз жарандары, калганы чет элдик жарандар болуусу керектиги тууралуу биз буга чейин эле демилгелеп чыкканбыз. Ал үчүн жумушчу топ түзүп, мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Азыр ал демилге өкмөттүн кароосунда турат. Андан сырткары иштөөгө уруксат берүү 2 миң сом болсо, ишкердикти жүргүзүү документин алуу 30 миң сомго көтөрүлөт. Муну менен квалификациясы жок чет элдик жарандардан арылып, жогорку квалификациялуу жумушчуларга иштөөгө шарт түзүп беребиз", - деди Токтоболотов.
Токтоболотов учурда Кыргыз жеринде иштеп жаткан Кытай жарандарынын саны 9300 экенин кошумчалады.