"Митингден канча адам кармалганы белгисиз". Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов SUPER.KG'ге билдирди.
"Жалпы канча адам кармалганын азырынча билбейм, биз деле эл менен эле кошо ушул жерде жүрөбүз. Кармоодо эч кандай мыйзам бузууга барган жокпуз. Болгону жолдон бери чыгып кетишкенинен ары жылдырып коюп жаттык. Азыркы кармоодо элдер көчөдөн унаалар өтүп жатканына карабай жолдон өтүүгө аракет кылып тартип бузушту, бирок баары эмес", - деди шаардык милициянын башчысы. Митинг өткөн аянтка мэр Азис Суракматов жана Сүйүн Өмүрзаков барышты. Маалыматтар боюнча, кармалган адамдарды Биринчи Май РИИБине алып кетишкен.