"Ош базарынын" аймагындагы башаламан сооданы иретке келтирүү иштери улантылат. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Ленин районунун акиминин биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев билдирди.
"Базардын айланасында акыркы жылдары күч алып, мыйзамсыз түрдө башаламан соода кылгандарды тартипке келтирүү иштери күн сайын жүргүзүлүүдө. Буга чейин базардын айланасын тартипке келтирүү максатында бир айлык жарыяланган. Бир ай убакыт бүттү, бирок учурда бул иштерди улантуу чечими кабыл алынды. Учурда башаламан соода кылгандар ээлеп келген Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган жашылча-жемиш саткан жайма базар, Киев жана Бейшеналиева көчөлөрү, Чүй кең көчөсү менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши күнүгө көзөмөлдөнүүдө. Базардын аймагындагы мыйзамсыз орнотулган соода орундары, газ суусундугун саткан аппараттар, "силомер", "ударомер" аппараттары алынууда. Биз ал аппараттарды конфискация кылып коёбуз, бирок эртеси ээлери алып кетип кайра башка жерге коюп коюшууда. Элдер мыйзам бузбаса эле, базардын айланасы тартипке келмек. Күнүгө тазалоо иштерин жүргүзгөнүбүз менен, эртеси кайра эле ошол соодагерлер чыгып алууда", - дейт Чыныбаев.
Айта кетсек, бул иш-аракеттер 15-декабрдан бери улантылып келүүдө. Анда базардын айланасында орун алган мыйзамсыз жана жайма базарларды тазалоо иштери жүрүүдө. Базар аймагындагы акыркы өрт кырсыгынан кийин администрация тарабынан базардын айланасын тазалоо жана тартипке келтирүү максатында мобилдик топ түзүлгөн.