Бүгүнкү борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы митингдин уюштуруучусу Аманбол Бабакуловду милиция кармап кетти.
Анын айтымында, ал митингди уюштуруунун убактысы созулуп кеткени үчүн кармаган.
"Митинг саат 13:00гө чейин гана белгиленгендиктен убактысы өтүп кеткен. Мындан улам мени сотко берип, учурда Биринчи Май РИИБине алып келишти", - деди ал.
Бүгүн, 17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өттү. Ал саат 11:00дө башталып, кечки саат 16:30га чейин уланган. Митингде унаалар өтүүчү жолго чыгып кеткен элди акциянын аягында милиция кармай баштаган. Тартип сакчылары болжол менен 3 автобус кишини милиция бөлүмүнө алып кеткен.