Бүгүн, 17-январда Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында эки футбол аянтчасынын ачылыш аземи өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу жергиликтүүлөр SUPER.KG порталына маалымдашты.
Маалыматта айтылгандай, футбол аянтчаларынын бири Калинин айылында, экинчиси Кайтмас айылында ачылган.
"Эки аянтчага биригип 5 миллион 986 миң сом жумшалган. Анын ичинен 2 миллион 129 сом айыл өкмөт тарабынан бөлүнгөн. Калган каражат түрткү берүүчү гранттын эсебинен жумшалган. Ачылышка облус, район башчылары, айыл жаштары жана аксакалдар катышты.
Ачылыш аземдин башталышында дарбазаларга алгачкы топту аксакалдар тээп берсин деген демилге көтөрүлүп, алар "ушул жерде машыккандар арасынан кыргыз элинин сыймыгы боло турган футболчулар чыксын" деген ниет менен топ тээп, аянтчаны ачып беришти. Топ тепкендердин арасында 70-80 жаштагы аксакалдар бар. Мурда жаштар үчүн мындай ыңгайлуу шарттар жок болчу", - дешти алар.