Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.
Аталган жыйында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын камсыз кылуу багытында өкмөт аткарган иши тууралуу маалымат берет.
Бул маселе боюнча негизги баяндаманы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жасайт.
Жыйында бардык майып адамдардын укуктары жана негизги эркиндиктери, ошондой эле аларга тиешелүү аброюн сыйлоого артыкчылык берүү тууралуу талкуу болот.