2018-жылы Улуттук кардиология жана терапия борборуна караштуу жасалма бөйрөк бөлүмүндө 59 адам жыл бою гемодиализ аппаратынын кызматынан бекер колдонушту. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн жетекчиси Бектур Абдиев билдирди.
Маалыматка караганда, жалпы процедуралардын саны 9323тү түздү. Мында 1 адамга 158 ирет процедура жасалат.
“Дары-дармекке, алкоголдук ичимдикке ууланып, күйүккө кабылып, бөйрөктүн курч кемтигине дуушар болгон 12 адамга да шашылыш түрдө гемодиализ кызматы көрсөтүлдү", - дейт ал.
2019-жылдын 1-январынан тарта республика боюнча гемодиализди өз эсебинен алып келе жаткан 134 бейтапка Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан жеңилдиктер бериле баштаган. Учурда өлкө боюнча бюджеттин эсебинен гемодиализ алгандардын саны 554тү, жеңилдетилген гемодиализ алгандардын саны 764тү түздү.
"Жеке медициналык борборлордо гемодиализдин 1 процедурасы – 5300-5500 сом. Андыктан бейтаптар Саламаттыкты сактоо министрлигине арыз жазып, бекер гемодиализ алууга кезекке турушат. Кезеги жеткиче Саламаттыкты сактоо министрлиги атайын чечим чыгарып берген болсо, анда гемодиализ кызматын көрсөтүүчү жеке медициналык борборлорго бара беришет, бирок 1 процедурага 530 сом төлөшөт. Калган акча фонд тарабынан медициналык борборлорго которулат. Кезеги жеткенде бюжеттик гемодиализге өткөрүлөт”, - деп кошумчалайт Бектур Абдиев.