SUPER.KG порталы, "Супер-Инфо" гезити жана SUPER TV'нын журналисттери милициянын маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө карата жасаган мамилеси боюнча нааразычылык акциясына чыгышты

Бүгүн, 18-январда "Супер-Инфо" гезитинин, SUPER.KG порталынын жана SUPER TV'нын журналисттери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын алдына акцияга чыгышты. Алар милиция маалымат каражаттарынын ишине жолтоо болбошу керек деген талап менен чыккан.

Буга кечээ, 17-январда "Ала-Тоо" аянтында өткөн митингде иштеп жаткан журналистти милиция кызматкерлери кармап, автобуска салып кеткени себеп болгон. Белгилүү болгондой, "Некст ТВ" каналынын журналисти аны кармап автобуска саларда тартип сакчыларына бир нече жолу маалымат каражаттарынын өкүлү экенин кайталаган. Ага карабастан кармап кетишип, кийин кайра коё беришкен. "Некст ТВ" каналынын өкүлдөрү журналистти милиция эмне себептен кармаганы белгисиз экенин билдирген.

"Коомдо болуп жаткан окуяларды чагылдырып жаткан журналисттерге милиция тарабынан кысым, жолтоо болбошу керек", - деген акцияга бир катар журналисттер катышты. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы алардын талабын, оюн угууга чыгып, сүйлөштү.

SUPER.KG порталынын кызматкерлери милициянын журналисттерге жасаган мамилеси боюнча нааразычылык акциясына чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Farra16gsin
2019-01-18 11:26:35
Анан андан ары эмне болду кечирим сураштыбы?
0
OMURBEK.
2019-01-18 11:32:18
Талаптарды аткармайынча митингти уланта берүү керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан