Кытайлык кыргыз: "Тарбия лагерлерде кармалган этникалык кыргыздар бошотула баштады"

Кытайда саясий лагерлерде кармалган этникалык кыргыздар бошотула баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарында жашаган кытайлык кыргыз Жусуп Малик уулу билдирди.

Анын айтымында, атасы кайра тарбиялоочу лагерден чыгып келген.

"Жаңы жылдан баштап, лагерлерде кармалган кытайлык кыргыздар бошоп, үйлөрүнө кайтып келе баштады. Бирок аларды үй камагына гана чыгарып жатышат. Менин атам үй камагына чыгарылды, агам менен жеңемден дагы деле кабар жок. Кытайдагы туугандарым менен телефон аркылуу байланышуу жакындан бери мүмкүн болбой калды. Аларга телефон колдонууга тыюу салып коюшуптур.

Угушумча, биздин айылдан жүздөй киши үйүнө кайтып келиптир. Көпчүлүгүнүн дайыны дагы деле белгисиз", - деди Малик уулу.

Өткөн жылдын ноябрь айынан тарта Кытайда жашаган этникалык кыргыздар "кайра тарбиялоочу лагерлерге" жиберилип, кыйноого кабылып жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Кытайлык кыргыздарды колдоо комитетинин өкүлү Алмамбет Осмон уулу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн уюштурулган маалымат жыйынында 50 миңдей этникалык кыргыздар камакта жатканын билдирген.

5-декабрда Бишкек шаарындагы Бириккен улуттар уюмунун имаратынын алдында Кытайдагы "кыйноого кабылды" делген этникалык кыргыздардын абалын билип, тиешелүү чечимдерди кабыл алуусун талап кылган митинг өткөн.

17-декабрда Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдына кыйноого кабылды делген кытайлык кыргыздардын туугандары чогулуп, нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ruslanz
2019-01-18 13:57:12
Талкуу жабык. унутуп калбагыла.
+5
bazar
2019-01-18 14:29:43
Диний экстремистерге аралашпай тынч жүрсө эч нерсе деле кылбайт. Сепаратист уйгурларды ээрчип даватта жүрө берсе камайт кытайлар.
-14
Kairat1996
2019-01-18 15:56:22
bazar,
Туура айтасын. Азыркы кундо ислам дининде фанатизм эктримизм отоо курч бойдон калууда. Озгочо билимсиздиктин айынан тышкы ислам кучторунун жалган идеяларын ээрчип жургондор бизде деле абдан коп. Ошондой эле кыргыздар арабтардын каада салтын, алардын кийген кийимдерин дин же ишеним - деп кабыл албайлык. Тилеке каршы бизге арабтар оздорунун салтын дин деп жайылтып жатканы окунучтуу. Динге аша чаап берилуунун эл учун эч пайдасы жок туугандар.
-7
faraon312
2019-01-19 16:47:30
bazar,маданият адамдарын да камап атат, жаңылыктарды жакшылап окуй жүрсөң... Бул жактагы кытайлык кыргыз төкмө акындар ыйлап жүрөт байкуштар. Бирөөнүн атасы, бир туугандары камалып атат себепсиз. Үй-бүлөсү менен эки жылдан бери кабарлашпай жүрүшөт...
0
murgab2014
2019-01-19 23:02:34
bazar, акылына баракелде ал жактагы баардык мусулмандар экистримис эместир. Жазат десе эле жаза бересин.
0
Nargiza1987k
2019-01-18 14:32:20
Кытайларга каршы митинг откондон кийин ушуну ойлоп таптынарбы давно чыгыш керек эле бечаралар.
+7
faraon312
2019-01-18 15:05:50
Баш жагын окуп келе жатып кубандым эле. Бирок дагы эле көбү дайынсыз дейт. Демек абал курч бойдон... Кытайларга каргыш!
+7
Baicho_0707
2019-01-18 20:56:34
Bazar базарда отургандай эле айтыптырсын да! Кыргыз абышкалар,келиндер кайактагы сепаратист ,алар оз кундорун оздору коруп жургон боордош бир туугандар!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан