Бүгүн Бишкектин жана Чүй өрөөнүнүн аймагында секундасына 18-23 метр ылдамдыктагы шамал болду. ӨКМ билдиргендей, кечке жуук бул кырдаал кайталанышы мүмкүн. Бүгүн, 18-январда шамалдын кесепетинен Токмоктогу турак үйлөрдүн чатырлары жабыркаганы маалым болду.
"18-январь күнү саат 12:40 чамасында Чүй облусунун Токмок шаарында алдын ала маалымат боюнча, ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Шамшы көчөсүндө жайгашкан №36 көп кабаттуу турак үйдүн 450 чарчы метр темир чатырын шамал учуруп, 2 турак үйдүн чатырына бак кулаган. Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.
Мындан сырткары ӨКМнын Токмок шаардык №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу тартылган. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.
Маалымат үчүн: Бофорттун шкаласы боюнча секундасына 17-20 метр ылдамдыкка чейин жеткен шамал жеңил конструкцияларды учуруп, бак-шактын сынып кулашына алып келет.