Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун алкагындагы БАЭ-Кыргыз беттешинин калысы белгилүү болду.
21-январда Абу-Даби шаарында Азия Кубогунун жарым чейрек финалынын алкагындагы өтө турган БАЭ-Кыргыз беттешинде калыстык милдетти Фу Мингдин баштоосундагы кытайлык адистер алат.
Белгилүү болгондой, Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун тайпалык баскычында Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курамалары менен беттешкен. Кыргыз курамасы 2 жолу жеңилүү ызасын тартып, Филиппин курамасын 3:1 эсебинде жеңип плей-офф баскычына өтүүгө мүмкүнчүлүгүн алган.
Жарым чейрек финалда Кыргыз курама командасы БАЭ курамасы менен беттешет. Оюн Абу-Даби шаарындагы "Зайед спорт сити" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.