Бүгүн, 7-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында Кыргыз-Кытай беттеши орун алууда.
Беттеш Халифа Бин Зайед атындагы стадиондо өтүп жатат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө старт алат.
16:30. Кыргыз курама командасынын курамы белгилүү болду. Оюн талаасына алгачкы мүнөттөрдө төмөнкү 11 оюнчу чыгат.
Дарбазачы: Павел Матяш;
Коргоочулар: Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Даниэл Тэго;
Жарым коргоочулар: Эдгар Бернхардт, Бекжан Сагынбаев, Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Ахлидин Исраилов;
Чабуулчулар: Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев.
16:50 Командалар оюн талаасына чыгууга даяр болушту. Беттеш 10 мүнөттөн кийин башталат.
16:53. Командалар оюн талаасына чыгышты. Кытай курама командасы кызыл формачан болсо, Кыргыз футболчулары ак түстөгү формачан.
16:55. Кытай өлкөсүнүн гимни жаңырууда.
16:57. Кыргыз мамлекетинин гимни жаңырып, беттеш башталуу алдында турат.
16:58. Белгилей кетсек, бул беттеште эки мамлекеттин тең күйөрмандары бар. Кыргыз күйөрмандардын саны 100дөн ашат.
16:59. Беттештин башкы калысы Бириккен Араб Эмираттарынан Мохаммед Абдулла Хассан болот.
17:00. Калыс ышкырыгы менен беттешке старт берди. Топту оюнга Кытай курамасы кошту.
17:01. Алгачкы чабуулда Виталий Люкс дарбазачы менен бетме-бет келүүгө мүмкүнчүлүк алган. Бирок Люкс ага узатылган топко жетпей калды.
17:04. Кытай командасынын оюнчулары оюн эрежесин бузушту. Топ кыргыз футболчуларында.
17:05. Бекжан Сагынбаев эсеп санын ачууга жакын болду. Мурзаев Бекжанга топту чыгарып берип, Сагынбаев сокку узатууга жетишпей калды.
17:08. Кытай курама командасы чабуулга чыгып, сокку узатканга чейин барды. Бирок Павел Матяш топту тосуп алды.
17:14. Кыргыз курама командасы уламдан-улам чабуулда мыктылыгын көрсөтүп жатат. Сагынбаев, Мурзаев, Жыргалбек уулу жана Люкс соккуларды узатканга үлгүрүп, бирок таамай боло алышкан жок.
17:15. Мирлан Мурзаевге каршы оюн эрежеси бузулуп, Кыргыз курамасы айып сокку аткарат.
17:17. Кичин мыктылыгын көрсөтүүдө. Дарбазаны сак калтыруу максатында өзүн аябай денеси менен соккуларды тосуп алууда.
17:22. Фархат Мусабеков дарбазанын жанында атаандашынын чабуулун токтотуп койду. Бирок топ азырынча Кытай тарапта.
17:23. Тэго топту эреже бузбай алып койгону менен, кытайлык футболчу жерге кулап айып сокку талап кылууда.
17:24. Оюн уланды. Топ кыргыз футболчулардын карамагында калып, чабуулга чыгууда.
17:26. Виталий Люкс мыкты мүмкүнчүлүктү колунан чыгарды. Мирлан Мурзаев айып аянтчанын ичине топту өткөрүп берип, дарбазачы менен бетме-бет чыккан Люкс таамай боло алган жок.
17:30 Кытай курамасынын оюнчулары 2 ирет кооптуу чабуул жасаганга жетишти. Чабуулдары сокку менен аяктаганы менен, таамай болгон жок. Азырынча кыргыз футболчулары ийгиликтүү чабуулга чыга албай жатышат.
17:33. Кыргыз футболчулары чабуулга чыгып, топту бурчтан көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алды.
17:34. Бурчтан көтөрүү ийгиликсиз болуп калды. Топ Кытай курама командасынын карамагына өттү.
17:35. Оюндун орто бөлүгүндө Фархат Мусабековго каршы оюн эрежеси бузулду.
17:38. Кайрат Жыргалбеков оң канаттан чабуулга чыгып, топту айып аянтчага көтөрүп берди. Топко алгачкылардан болуп Бекжан Сагынбаев жетти. Ал топту Люкска чыгарып, таамай боло албай калды.
17:42. ГОООООООООООЛ!!!!! Эсеп саны 1:0. Ахлидин Исраилов Кыргыз курама командасын алдыга чыгарды.
17:43. Виталий Люкс дарбазачы менен бетме-бет келип, таамай боло албай калды. Люкс жакшы мүмкүнчүлүк менен колдоно албай калды.
17:44. Мирлан Мурзаев сол канаттан топту кабыл алып, бирок офсайд абалында болуп калды.
17:45. 1-таймдын негизги убактысы аягына чыгып, калыс дагы 1 мүнөт кошуп берди.
17:46. Калыстын ышкырыгы жаңырып, алгачкы тайм аягына жетти. 15 мүнөттүк тыныгуудан кийин 2-тайм башталат.
18:01. Беттештин 2-таймы башталды.
18:03. Мирлан Мурзаев топту орто бөлүктөн алып, алдыдагы Виталий Люкска өткөрүп берген, бирок Люкс топко жетпей калды.
18:04. Кайрат Жыргалбек уулуна каршы оюн эрежеси бузулду. Кыргыздар айып сокку аткарат.
18:05. Айып соккуну Бернхардт аткарып, анын чыгарып берүүсү таамай болбой калды. Кытай курамасы чабуулда.
18:06. Кытай курама командасы бурчтан көтөрүү мүмкүнчүлүгүн алды.
18:07. Гол! Эсеп 1:1. Бурчтан көтөрүлгөн топту Павел Матяш айып аянтчадан чыгарам деп өз дарбазасына киргизип алды.
18:09. Эсеп саны тең болгондон кийин кыргыз футболчуларынын оюну бузулуп жатат. Чабуул жана коргоо бөлүктөрү ийгиликсиз болууда.
18:12. Жыргалбек уулу оюн эрежесин бузуп, сары айып кагаз менен белгиленди.
18:14. Кытай курама командасы айып соккуну аткарып, кооптуу соккуну Матяш тосуп алды.
18:15. Кытайлыктар оюн эрежесин бузду. Бернхардт айып сокку аткарат.
18:16. Бернхардттын чыгарып берүүсүнө чуркап барган кыргыз футболчулар офсайд абалына түшүп калып, топ кытайлыктардын карамагына өттү.
18:17. Кыргыз курама командасында оюнчулар алмашты. Исраиловдун ордуна оюнга Антон Землянухин кошулду.
18:19. Кытайлыктар кооптуу чабуул жасоого үлгүрүштү. Кытайлык футболчунун соккусу тактанын үстүнөн өтүп кетти.
18:20. Виталий Люкс сол канаттан чабуулга чыгып, топту айып аянтчага көтөрүп берди. Топ Землянухинге жетип, анын узаткан соккусу таамай болбой калды.
18:27. Кытай курама командасы уламдан-улам чабуулдарын курчутуп, эсепти өзгөртүүгө жакындап жатышат. Азырынча Кытай курама командасынын оюнчуларынын соккулары таамай болбой жатат.
18:28. Матяш дагы бир ката кетирип, Кытайга жардам берип коё жаздады.
18:34. Гол! Кытай курама командасы эсепти 1:2 кылып кетти. Ю Дабао Матяшты алдап өтүп, таамай сокку узатууга үлгүрдү.
18:36. Кайрат Жыргалбек уулу чабуулда топту жоготуп, кытайлыктар контр-чабуулга чыгышты.
18:37. Бул беттешти көрүү үчүн стадионго 1700дөн ашуун күйөрман келгенин АФКнын өкүлдөрү маалымдады.
18:40. Кытай курама командасынын оюнчулары убакытты чоюуда. Кытайдын оюнчусу медициналык жардам сурап оюн талаасында жатат.
18:44. Кыргыз курама командасында алмаштыруу. Виталий Люксту Эрнест Батырканов алмаштырды. Бернхардтты Азиз Сыдыков алмаштырды.
18:45. Кытай курамасында дагы алмашуу орун алууда.
18:48. Беттештин негизги убактысы аяктап, калыс 5 мүнөт кошуп берди.
18:52. Акыркы мүнөттөрдө Кыргыз курама командасы эсеп санын өзгөртүүгө аракет кылган жок.
18:53. Калыстын ышкырыгы жаңырып беттеш аяктады. Кытай курама командасы 1:2 эсебинде жеңишке жетти.
18:54. Бул оюнда Павел Матяш катачылык кетирип, өз дарбазасына гол киргизип алды. Белгилүү болгондой, буга чейин 2017-жылы Матяш Мьянмага каршы беттеште жана 2018-жылы орун алган Японияга каршы беттеште ушул сыяктуу гол өткөргөн.