Бүгүн, 27-мартта Азия Кубогунун тандап алуу оюнунун алкагында Бишкекте Кыргыз курмасы менен Индиянын курамасы футболдук беттешке чыгат. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат.
Учурда эки команданын беттешине күбө болуу үчүн күйөрмандар келип жатышат. Бул эки команда 2017-жылы Индияда беттешип, Кыргыз курамасы индиялык командадан 1:0 эсебинде утулуп калган болчу.
Оюн саат 20:00дө башталат. Учурда милиция оюнга күбө болууга келген адамдарды тыкыр көзөмөлгө алууда. Стадиондун үч тарабынан эшик ачылып кирип бараткандардын ар бири өзүнчө текшерилип жатат.
Ошондой эле жол тыгынын болтурбоо үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы стадионго жакын турган жолдорду чектөөгө алды. Оюн башталууга саналуу мүнөттөр калганда күйөрмандардын агымы күчөдү. Бирок билеттин баасы 600 сомго көтөрүлдү.
Стадиондун түштүк тарабындагы орундар 300, чыгыш тарабындагы орундар 400, батыш тарабындагы орундар 600 сом болууда.