Азия Кубогу: Бүгүн Кыргыз улуттук курама командасы Түштүк Корея менен беттешет

Бүгүн, 11-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында футбол боюнча Азия Кубогунда 2-турдун беттештери уланат. Анда "С" тайпасынын алкагында Кыргыз улуттук курама командасы Түштүк Корея менен кез келет.

Аталган беттеш "Хазза Бин Зайед" стадионунда орун алып, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө старт алат. 1-турдун жыйынтыгы менен "С" тайпасында 1-орунду Кытай ээлеп келе жатса, 2-орунда Түштүк Корея, 3-орунда Кыргыз курамасы жана 4-орунда Филиппин курама командасы келе жатат.

1-турда Кыргыз курама командасы Кытай курамасы менен кездешип, 1:2 эсебинде жеңилип калса, Түштүк Корея курама командасы Филиппинди 1:0 эсебинде утуп алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Modric10
2019-01-11 10:00:33
Кызык оюн коробуз буйруса. Кыргызстан болгон кучун салат эми.
0
Nurbag
2019-01-11 15:35:08
лукс бернхад матяж тего жарыбадынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан