Британиялык Пэм Робертс аттуу аял ички органдарынын иштеп жатканын угат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, Пэм Робертс 2015-жылга чейин эч кандай маселеси жок бактылуу жашачу. Бирок бир ирет ал ваннада жуунуп жатып кулап түшөт. Натыйжада ал башынан катуу жаракат алып, сол кулагынын каналдарына доо кетет. Ушул күндөн тарта ал организминдеги ар бир дабышты угууга жөндөмдүү болуп калат. Робертстин айтымына караганда, ал жүрөгүнүн сокконун, кан айлануусун, ичинин курулдаганын жадакалса көздөрү кыймылдаганда кандай дабыш болорун угат.
Бул ооруга чалдыккандан тарта Пэм Робертстин жашоосу кыйындаган. Ал ачууга бат алдырат, бат-баттан башы ооруп, айлана берет. Учурда аялдын үй-бүлөсү анын АКШда боло турган операциясына каражат топтошууда.