Бүгүн, 23-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеӊеш менен өкмөт 1-январда күчүнө кирген жаӊы Кодекстерди жана мыйзамдарды даярдап, кабыл алып, ишке киргизүүдө өздөрү кетирген кемчиликтерди оӊдоого киришти. Түкүрүккө 5500 сом айып салуу, жол эрежесин бузган айдоочуларга айыпты кескин көтөрүү нормаларын кайра өзгөртүү сунушталууда.
2014-2016-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинин проректору Лейла Сыдыкова башында турган жумушчу топтор жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзамдын долбоорун даярдаган. Максаты - өлкөнүн сот-укуктук системин реформалоо эле. Документтерди 2017-жылы Жогорку Кеӊеш кабыл алып, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Аталган 7 документ 2019-жылы 1-январдан тарта күчүнө кирип, дароо талкууга түштү. Жаӊы мыйзамдарга ылайык иштөөгө өкмөт да, башка мамлекеттик органдар да, жарандык коом да даяр эмес болуп чыкты. Мисалы, жаӊы мыйзамда Транспорт жана жол министрлиги унаасынын алдынкы каптал айнектерин караӊгылаткан айдоочуларды жоопко тартат деп жазылганы менен, иш жүзүндө министрлик бул ишти аткара албасы ачыкка чыкты. Бул милдет эми кайра ИИМге өткөрүп берилмекчи. Жумушчу топтун өкүлдөрү жаӊы мыйзамга "түкүрүк" деген түшүнүк депутат Дастан Бекешевдин сунушу менен киргизилгенин айтып, бирок 5500 сом деген сумма эмненин негизинде тандалганына жооп бере албай коюшту. Депутаттар болсо "убагында президенттик аппарат "тез кабыл алып бергиле" дегени үчүн колдогонбуз" деп жатышат. Бүгүнкү суроолордун көбү ал мыйзамдар Жогорку Кеӊеште каралып жатканда берилип, мүчүлүштүктөр ошол кезде оӊдолушу керек эле. Убагында бийликке каяша айталбай, мыйзамды оркойгон каталар менен өткөрүп жүргөн Жогорку Кеӊеште бүгүн ошол эле депутаттар отурат. Ал эми бир жылдан бери жаӊы кодекстерге ылайык иштөөгө даярданбаган, андагы кемчиликтерди жойбогон өкмөттүн, тийиштүү органдардын жоопкерчилиги эмне үчүн каралбайт? Депутат Рыскелди Момбеков чет элдик гранттын айынан Кыргыздын айыл чарбасы, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагы талкаланып, эми сот-укуктук системи талкаланганы турганын сындап чыкты. Депутат Курманкул Зулушевдин айтымында, аталган 7 документти даярдоонун 1-фазасына чет өлкөдөн 13 миллион 600 миӊ евро каражат алынган. Бул - 1 миллиард сом. Бирок бул акча кайсы иштерге жумшалганын чиновниктер айтып бере албай жатышат. Эксперттик топтун өкүлү Тахмина Ашуралиева "бул акча мамлекеттер аралык макулдашуулардын алкагында алынган, ал акча кайда жумшалганын Тышкы иштер министрлиги аркылуу такташ керек" дейт. Депутат Акылбек Жапаров ал макулдашууларды 5-чакырылыштагы Жогорку Кеӊеш ратификациялаганын эске салды. Каржы министрлиги бул акча түз берилген, мамлекеттик казына аркылуу өткөн эмес деп жатат. Жаӊы кодекстерди элге түшүндүрүү үчүн ЖМКларга 3 миллион евро бөлүнөрү айтылган. Айтор, жаӊы мыйзамдарды даярдоого алынган акчанын дайыны чыкпай жатат. Ага карабай жаӊы кодекстерди иштетүү үчүн өкмөт дагы 700 миллион сом бөлүп бермекчи...
Бишкек шаардык сотунда "Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди" деп айыпка жыгылган юристтердин иши боюнча соттук отурум жылдырылды.
2017-жылы Башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди деп Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген. Октябрь райондук соту юристтерди 10 миллион сом айыпка жыгып, бул чечимди Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот да күчүндө калтырган. Өлкөдө бийлик алмашканы менен, коомчулук ишеним артпаган сот системи өзгөрүүсүз калууда. Атамбаевдин тушунда оппозициячыл Текебаевдин юристтери айткан сөзү үчүн миллиондогон суммага доого жыгылып жазаланса, бүгүнкү бийликке каршы Атамбаевди да сот жоопкерчилиги күтүүдө. Жакында Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеӊешбек Дүйшөбаев экс-президент Атамбаевдин жана "Апрель" телеканалынын үстүнөн арыз жазышты. Алар Атамбаевди "Апрель" телеканалынын эфиринде айткан сөзү үчүн айыптап, "кадыр-баркыбызга шек келтирди" деп жатышат. Үч саясатчы ар бири 6 миллион сомдон “Апрель” телеканалынан жана Атамбаевден жалпы 18 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда. Соӊку окуялар тастыктап келе жатат, бийликке каршы чыккан тарапка караганда Ак Үйдү мактаган тарапта соттон жеӊип чыгуу мүмкүнчүлүгү ар дайым көбүрөөк...
Бишкек ЖЭБин жаӊылоо тендерине айыпталып жаткан чиновниктерге Биринчи Май райондук сотунун өкүмү чыкты. Ага ылайык, "Электр станциялары" ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Бердибек Боркоев 7 жыл 6 айга, бул ишкананын мурдагы техникалык директору Алмазбек Жусупбеков 7 жылга, "Аймар Энержи" компаниясынын жетекчиси Темирбек Ниязов 7 жылга, аталган компаниянын кызматкери Канат Деркембаев 6 жылга эркинен ажыратылды.
Бишкек ЖЭБин 2017-2018-жылкы кыш мезгилине даярдоого бөлүнгөн акчанын уурдалышы боюнча кылмыш иши ачылган. УКМК ЖЭБди оӊдоодо ири суммада уурулук болгонун аныктап чыкканы жарыяланган. “Электр станциялары” ишканасынын айрым жетекчилери ЖЭБди оңдоо боюнча жасалма келишим түзүү менен компанияларга акча которгону, бирок оӊдоо иштери ал ишканалар тарабынан эмес, Жылуулук электр борборунун өзүнүн күчү менен эле жүргүзүлгөнү аныкталган. Бирок уурдалган акчанын суммасын УКМК ачыктаган эмес. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ЖЭБдин пайдасына 6 миллион 683 миӊ сом өндүрүлгөнү айтылды. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча да бир топ чиновниктер айыпталып, учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында отурат. Алардын арасында мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиев менен мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге ачылган кылмыш иши тергелип бүткөнү айтылды. Айыпталгандардын баарын кылмышкер деп саноого шашылбаш керектигин өткөн жылдагы соттук процесстер көрсөттү. Өмүрбек Текебаевди да, Садыр Жапаровду да бийликке таандык ресурстар сотко чейин эле абдан каралап, сотто алардын пикири, далилдери эске алынбай калганы азыркыга чейин сындалып жүрөт. ЖЭБ боюнча айыпталгандардын иши да соттон ачык-айкын, адилет каралышы маанилүү...