Депутат Зулушев сот-укуктук реформа жүргүзүү алкагында каралган каражаттын кайда жумшалганын текшерүү керектигин айтты

Депутат Курманкул Зулушев сот-укуктук реформа жүргүзүү алкагында каралган каражаттын кайда жумшалганын текшерүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Сот-укуктук реформа жүргүзүү алкагында жаӊы ченемдик-укук актыларын даярдоо иш-чараларынын биринчи фазасы үчүн каралган 13 миллион 600 миң евро каражаты кайда жана кандай жумшалганын текшерүү керек. Улуттук мыйзамдар башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн эмес, өзүбүздүн элибизге кызмат кылышы керек", - дейт Зулушев.

Депутат Акылбек Жапаров: "3 миллион евро калкка аларды түшүндүрүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жумшалмак. Бирок жарандарыбызда азыркыга чейин жаӊы кодекстер менен мыйзамдар жөнүндө жарытылуу деле түшүнүк жок болуп чыкты", - дейт.

Учурда сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөт маалымат берүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан