Депутат Казакбаев: "Өкмөт, премьер-министр футбол көрүп жатат деп пиар кылбай эле койгулачы"

"Өкмөт, премьер-министр футбол көрүп жатат деп пиар кылбай эле койгулачы" деп бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.

Депутат бул терс таасирин тийгизип жатканын айтты. "Премьер-министр түндө футбол көрүп жатат" деп социалдык түйүнгө чыгарган пиар топту жумуштан бошоткулачы", - деди депутат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы "премьер-министр, вице-премьер-министрлер Кыргыз-БАЭ футбол боюнча беттешин көрүп жатат" деп сүрөт жарыялаган.

Кечээ депутаттар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев комитет жыйынына эмне үчүн келбегенин сурашканда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков премьер-министр ооруп жатканын билдирген.

Ал учурда депутаттар Абылгазиев оорубай эле, футбол көрүп отурганын айтышкан.

Депутат: "Премьер-министр футбол көрүп жатат деп пиар кылбай эле койгулачы"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
monster_high_98
2019-01-23 13:48:07
+++
-3
Hadyja
2019-01-23 13:49:45
Кийинки убактарда депутаттар,озцно тиешеси жок создорду коп суйлочу болду.Жаны мыйзамдарды ойлонуп,чыгаргандын ордуна ар кимге асылчу болушту.Премьер-министр,каяктан,ким менен,футбол корушту озу билет,жаран катары, интернетке чыгарабы,чыгарбайбы,озунун жеке иши.Суйлойт десе эле,суйлой беришет.
Элдин деле депуттарга айта турган коп созу бар:120депутаттын такыр кереги жок,мисалы,кыскарышты качан ойлошот?Баары бай,мамлекеттин эсебине жашагандан качан баш тартышат?Элге нормальный мыйзамдарды к
+5
Jango
2019-01-23 14:16:52
ХХХХХ сен озунду билчи ХХХХХ окшоп суйлобой кичине эркек болчу сенден сураныч ал министрдин оздук жашоосу и коргон болсо жакшы болуптур сен озунду жумуштан алыш керек ХХХХ окшоп сын такканды токтоткула
+2
bekhaliev
2019-01-23 14:33:56
Балабакча болуп кетиго
+3
Kurmanbek_81
2019-01-23 14:41:02
Туура кылган көрсөтүш керек футболчуларга дем болот. Керек болсо оюнга барып көрүш керек. Миңдеген Кыргызстандыктар күйүп жанып, ызаланып көрүп олтурушту бир да депутаттан кечээги оюн тууралуу пикирин укпадык.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан