Кыргыз мамлекеттик циркинин 35 кызматкери жапырт жумуштан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган мекеменин артисти Данияр Бөлөкбаев кабарлады. Алардын массалык түрдө кызматтан кетүүсүнө цирктин директорлугуна өздөрү сунуштап жаткан талапкер Аида Акматованын дайындалбай жатышы түрткү болууда.
Бөлөкбаевдин айтымында, алар аталган маселени маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов үч күндүн аралыгында чечип берерин айтып, бирок бир чечимге келбей жатат.
"Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев кызматтан кеткенине бүгүн 51 күн болду. Анын ордуна биз өзүбүздө иштеп, биздин түйшүктү ичибизден билген кыз катары Аида Акматованын талапкерлигин көрсөткөнбүз. Дүйшөмбү күнү министр Азамат Жаманкулов менен жолугушканыбызда үч күндүн аралыгында чечиле турганын айткан. Бүгүн үчүнчү күн бүтүп жатат, бирок дале чечим чыгара элек. Ал гана эмес, башка талапкер Фархад Бекманбетов телеканалдардын бирине цирктин азыркы абалга келишине биздин дагы тиешебиз бар экенин айтып маек бериптир. Ошондуктан анын айтканына каршы экенибизди билдирип, сотко бергени жатабыз. Анын негизинде Бекманбетовдон 4 миллион 500 миң сом өндүрүүнү талап кылабыз. Ал акча мамлекеттин бюджетине түшөт", - деди Бөлөкбаев.
Жумуштан кетүүгө арыз жазган кызматкерлер Эл аралык фестивалдардан алган сыйлыктарын учурда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына алып барышты. Бөлөкбаев бул сыйлыктар министрликке өткөрүлүп берилерин кошумчалады.