Кыргыз цирктин артисттери Маданият министрлигинин алдына алып барган сыйлыктарын кайра өкмөт үйүнүн алдына алып барды

Кыргыз цирктин 35 кызматкери жапырт жумуштан кетүүгө арыз жазып, сыйлыктарын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүп берүү үчүн министрликтин алдына алып барышкан. Бирок министрликтин кызматкерлери алардын алдына чыкпай койгондуктан сыйлыктарды кайра өкмөт үйүнүн алдына алып барып коюшту. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган мекеменин артисти Данияр Бөлөкбаев кабарлады.

"Сыйлыктарды өткөрүп берүү үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына саат 15:00дө келгенбиз. Бирок министрликтин өкүлдөрү чыкпай коюп, сыйлыкты өкмөт үйүнүн алдына алып бардык. Ал жерде турсак министр өзүнө чакырып жатканын айтышып, кайра министрликке келдик. Азыр баарын өткөрүп беребиз деп турсак кайра эле эч кимиси чыкпай койду. Ошондуктан эртең президенттин өзүнө кайрылабыз деп тарап кеттик", - деди Бөлөкбаев.

Бөлөкбаевдин айтымында, артисттер муну менен цирктин директорлугуна өздөрү сунуштап жаткан талапкердин дайындалбай жатышына нааразы экенин билдирүүдө.

Буга чейин маалым болгондой, Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган.

Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Анын кызматтан кетүүсүнө эмгек жамаат менен болгон пикир-келишпестик түрткү болгон. Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылган. Биз маселенин чоо-жайын жазганбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurkyz1977
2019-01-23 18:33:19
Кереги жок сыйлыктарды орттоп ийгиле ары бери ташып убара болбой. Жашоодо деле клоун экенсинер,атынарга затынар жарашат экен циркачтар. Ар ким эле оз ойун тануулаган заман болду го.
+4
voennyi88
2019-01-23 18:33:45
Цирк цирктигин калат экенда.
+1
faraon312
2019-01-23 20:21:44
Бир аз оңоюраак оюн ойнопсуңар..
+1
tular
2019-01-24 10:19:51
Булардыкы да туура бир четинен
-1
Nurmatova.
2019-01-24 11:30:42
Цирк кызматкерлерине да рахмат 6000 ге жетпеген айлык алат экенго эсептеп корсом
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан