Депутат Субанбеков: "Элди ары-бери чуркатып, милдетин билбеген сот аткаруучулар бар экен"

Бүгүн, 24-январда парламенттин жалпы жыйынында "Бир бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков Кыргыз мамлекетинде канча сот аткаруучу бар экенине кызыкты.

Мындан тышкары депутат Субанбеков милдетин билбеген сот аткаруучуларга чара көрүлүшү керектигин билдирди.

"Милдетин билбеген сот аткаруучулар бар экен. Жакында эле мага кайрылышты. Сотко барышса аймактык тескөөчүгө бар дешет экен. Аймактык тескөөчү кабыл албай койгон учурлар болуп жатыптыр. Кайра сот аткаруучуга барышат, маселеси чечилбей эле ортодо ары-бери жүрүшөт. Алар сотко кайрыла беришип чарчашыптыр. Ушуну бир көзөмөлгө алсаңар", - деди эл өкүлү.

Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов жалпы 203 сот аткаруучу бар экенин айтып, эл өкүлү тарабынан берилген тапшырмага көңүл буруларын кошумчалады.

Жыйында алименттик милдеттенмелердин аткарылышын ыраатташтырууга багытталган "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан