Малайзиянын мурдагы падышасы Мухаммад V "Мисс Москва-2015" сынагынын жеңүүчүсү Оксана Воеводина менен ажырашат. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, түгөйлөрдүн ажырашуусууна Мухаммад V`тин тактыдан баш тарткандыгы себеп болгонун жазып чыгышты.
Жубайлардын үйлөнүү тою 2018-жылдын 22-ноябрында Москва облусунун аймагындагы Барвиха кыштагынын Barvikha Concert Hall концерттик залында болгон. Дасторконго коюлган тамак-аштын баары адал жана той спирт ичимдиктерисиз өткөн. Алардын мамилеси 2 ай ичинде эле сууп, ажырашууга камынып жатканы маалым болду. Коомчулук алардын ажырашуусун падышанын тактыдан кеткени менен байланыштырууда. Бирок мурдагы падыша менен модель ажырашуусу тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек. Учурда түгөйлөр ажырашуу үчүн документтерин даярдап жатат.
Оксана Воеводина жаңы жашоо үчүн ислам динин кабыл алып, атын Рихана деп өзгөрткөн.