Венесуэладагы Улуттук оппозициянын лидери Хуан Гуайдо өзүн президент деп жарыялады

Венесуэладагы Улуттук оппозициянын лидери Хуан Гуайдо өзүн президент деп жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Гуайдонун мындай кадамын АКШнын президенти Дональд Трамп дагы колдоду.

"Венесуэланын эли Николас Мадуронун легитимсиз режиминен кыйналып кеткен", - деди Трамп.

АКШнын өкмөтү Америка бардык тараптан жолдорду издөөдө, эгерде Улуттук ассамблеянын өкүлүнө каршы чыкса, күчүн жоготорун сезип жатканын билдиришти.

Гуайдону Латын Америкадагы бир нече өлкө колдоду. 35 жаштагы оппозиция лидерин Бразилия, Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Панама, Колумбия, Парагвай, Аргентина колдошту.

Ал эми Венесуэланын расмий президенти Николас Мадурону Уругвай, Куба жана Боливия өлкөлөрү колдошорун ачык айтып чыгышты.

Гуайдону расмий президент деп тааныган АКШ бийлигине жини келген Мадуро дипломатиялык мамилелерди улантууну токтотту. Ал 3 күндүн ичинде америкалык дипломаттардын Венесуэладан чыгып кетүүсүн талап кылды.

Николас Мадуронун бийлигин коррупция, диктатура жана өлкөдөгү жумушсуздукка айыптаган жүз миңден ашуун эл нааразычылык акциясына чыгышкан. Мадуро беш жылдан бери мамлекетти башкарып келе жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nursbaike
2019-01-25 14:07:24
Каерде ызы чуу болсо ошол жерде Америка ипаная сучари
-1
Alia82
2019-01-26 00:15:43
Бул жерде деле америка россия тиреши
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан