Опера жана балет театрынын директору: "Кызматтан кет деп кыйнап жатышат"

"Кызматтан кет деп кыйнап жатышат" деп билдирди Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын директору Болотбек Осмонов. Анын SUPER.KG'ге айтып бергенине караганда, кызматтан кетери же кетпеси 28-январда белгилүү болот. Азырынча арыз жазып бере элек.

19-январь күнү Осмонов жетектеген жайда "Dota 2" компьютердик оюну боюнча турнир өткөн. Буга байланыштуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов комиссия түзүп, анда Осмоновдун жоопкерчилиги карала турганын айткан.

Осмонов эч кандай мыйзам бузуу болбогонун айтууда. "Азырынча жумуш ордумдамын, арыз жаза элекмин. Бирок "кет" деп кыйнап жатышат. Баары кийинки аптанын башында белгилүү болот. Мен бир дагы мыйзамды бузган жокмун. Оюнду уюштурган тарап менен ортодо келишим түзүлүп, ижара акы төлөндү. "Dota 2" компьютердик оюнунун өтүшү мени кызматтан кетирүүгө жөн гана себеп болуп жатат. Бул оюн интеллектуалдык оюндардын катарына кирип, биздин гана эмес, дүйнөлүк театрларда деле өткөрүлүп жүрбөйбү. Интеллектуалдык компьютер оюнун ойноп жаткан балдар эмне эң жаман балдарбы же чыккынчыларбы? Эмне үчүн бербешибиз керек? Баары мыйзамдуу болду", - деп түшүндүрдү Осмонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
taalay25
2019-01-25 17:55:00
Уят деле калбай калыптыр
+1
Altyn2017
2019-01-25 23:00:32
бардакстан
0
Farra16gsin
2019-01-26 07:14:45
Опера балет театрына киши деле кирбейтко качан карасаң бош турат андан көрө анча мынча акча таап турса болотта мыйзам чегинде бирок жетекчи жогору жактагыларын шефтерине бир курска койуш керек эледа өзүм билемдик кылбай бөлүшүп коймокта
0
taalay25
2019-01-26 09:50:52
Farra16gsin,озун кирбесен эле эл кирбейт деп ойлобо да! Жазель, Озеа белый лебедь коюлганда билет баалары канча болгонун билсен антип айтбайт элен! 1500-2000 сомдон сатылган билеттер. Коруучулор жалан чет жактан келген студенттер менен дип окулдору
-1
Freemankg
2019-01-26 10:00:49
Тазалоо, өз адамды койуу, жана башка көп сөздөр .
+1
karona12
2019-01-28 07:15:14
Уиркке озунун кишисин алып барып койду эми театрга келиптир да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан