Ысык-Көл, Чүй облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьялар дайындалды

Ысык-Көл, Чүй облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ысык-Көл облустук сотуна - Алмазбек Апышев;

Бишкек шаардык сотуна - Замирбек Алгожоев;

Чүй облустук сотуна - Тынара Абдиева, Тилек Абдырашитов, Акматали Алибаев , Миргүл Джаналиева дайындалды.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан