"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин жетекчилери материалдык жардам катары берилген каражатты тартып алууга шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда SUPER.KG порталына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына 2018-жылы "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү кайрылган. Алар бирикменин мурунку жетекчиси М.М. аттуу жаран бирикмеге социалдык жардам катары бөлүнгөн акча каражатты мыйзамсыз тартып алганын билдиришип, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Чогултулган материалдарга ылайык, бирикменин жетекчиси жана анын орун басары "Т." ААКсы жардам катары берген 2 миллион сомдон ашык акчага бааланган көмүрдүн акчасын бирикменин өкүлдөрүнө бөлбөй, өздөрү тартып алганы аныкталган.
Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө башка материалдык жана социалдык жардам катары берилген акча каражаттары да ушундай жол менен тартылып алынганы ачыкталган.
Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүрүп, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган коомдук бирикменин мурдагы башчысы Мээрбек Мискенбаевдин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында узак мөөнөткө суракка алынганы айтылган.