Бажы кызматынын башчысы Оңолбеков Матраимов тууралуу: "Соттун чечимин аткарууга даярбыз"

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков Райымбек Матраимов боюнча соттун чечимин аткарууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-январда маалымат жыйында билдирди.

"Райымбек Матраимов аталган кызматтын башчысынын орун басары болуп иштеп кеткен. Ага чейин Бажы кызматында жетекчилик кызматтарды да аркалап келген.

Сот кандай чечим кабыл алса биз аны аткарууга даярбыз. Баарыбыз мыйзамга баш ийишибиз керек. Ал Ошто иштеп жүргөндө жакшы көрсөткүчтөр болгон. Анын бажы кызматында 20 жылдык тажрыйбасы бар адам катары соттун чечимин аткарууга даярбыз", -дейт Онолбеков.

28-декабрда Бишкек шаардык соту Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

2017-жылдын 23-ноябрында ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 2018-жылы 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Сапар Исаковду сотко берген. Райымбек Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан