super.kg logo

Райондук сот Матраимовду кызматына кайра коюу боюнча чыгарган чечимине түшүндүрмө берди

 

Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду кызматына кайра коюу боюнча чыгарган чечимин түшүндүрдү. Бул тууралуу Жогорку Соттун тараткан билдирүүсүндө айтылат.

Билдирүүгө ылайык, Матраимовго коюлган айыптар далилденген эмес жана дисциплинардык жазага тартуу боюнча кызматтык иликтөө менен дисциплинардык комиссиянын жыйынтыгы жок. Матраимов кызматтан алынган учурда, тагыраагы, 2017-жылдын 21-ноябрынан 29-ноябрга чейин дарыланып жаткан. Ал мыйзам нормаларын бузган эмес жана аны Бажы кызматынын төрагасы тарабынан кызматтан алуу тууралуу билдирүү болгон эмес.

Райымбек Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берип, утуп алган. SUPER.KG порталы "Матраимов боюнча чыккан соттун чечимине даттануу болобу" деп өкмөткө кайрылганыбызда соттун чечими өкмөткө келе электигин билдиришти.

25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.

Эске салсак, Сапар Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Сапар Исаковду сотко берген. Райымбек Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган эле.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(13)
27.07.2018. 16:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
31-01-2018
Соӊку аракети:
22-09-2018 14:34
Жынысы:
Белгисиз
+11
Миллиондон берди да
27.07.2018. 16:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
104
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
22-09-2018 13:31
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жээнбековдун уурулары, кошоматчылары каалагандай эркин журушот.
27.07.2018. 18:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-02-2018
Соӊку аракети:
14-09-2018 19:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Р. Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарлыгына алып барган да А. Атамбаев жана анын экс-«башкы шоопуру» И. Илмиянов болгонун Р. Матраимов өзү маалымат булактарынын бирине берген маегинде билдирген. Андыктан өзү багып өстүрүп жүргөн Р. Матраимовду эми учурдагы президентке куда кылып жармаштыра берүү ага кадыр-барк деле алып келбейт.
27.07.2018. 16:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
05-04-2014
Соӊку аракети:
17-08-2018 00:45
Жынысы:
Белгисиз
+9
Неге ошондо арыз бербеди мен ошого тушунбодум же Жээнбековго шайлоо учурунда миллиондун бир аз жерин иштеттиби?????????
27.07.2018. 16:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
365
Катталган:
02-04-2018
Соӊку аракети:
22-09-2018 08:53
Жынысы:
Белгисиз
+7
Баары бир уурулар. Бири бирин актап бири бирин ушактап эле журө беришет!Баары коррупцияга малынып калышкан жемкорлор!Беш алты эле депутат таза болбосо калганы баары жемкорлор!Ошолор өздөру эле жумушун таштап элдин эсебинен жеген акысын бюджетке кайтарып берип кетишсе.Баракелде чыныгы Азаматтар экен кунөөлөрун мойнуна алышып жумуштарынан баш тартышып кетишти демекпиз!Ошондо болот коррупциага каршы курөшуу!Азыркы убакда азыркы бийликтин кучтуу коррупционерлери мурунку бийликтин кучсуз болуп калган
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2018-07-27 16:57:26
27.07.2018. 16:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
05-04-2014
Соӊку аракети:
17-08-2018 00:45
Жынысы:
Белгисиз
+7
Далилди издесе Эллен сурабайбы акча жеп чечим чыгарбай соттор оздору ххх
27.07.2018. 18:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-02-2018
Соӊку аракети:
14-09-2018 19:23
Жынысы:
Белгисиз
-6
Чындыгында Матраимовду кызматтан алуу мыйзамсыз болгон. Мен юрист катары Биринчи май райондук сотунун чечиминен эч кандай мыйзам бузууну көргөн жокмун. Көптөн бери бул маселе талкууланып жатканда өзүм да байкап келдим. Негизи Матраимовду кызматтан-кызматка көтөргөн Атамбаев жана анын шоопуру Илмиянов болгон. Аны өзү да гезиттердин бирине берген маегинде билдирген. 2010-жылы Бекназаров менен Атамбаевдин бул боюнча телефондон тартышканынын да билебиз. 8 жылда аны Оштон Бишкекке чейин көтөрүп, көкө
27.07.2018. 16:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
05-04-2014
Соӊку аракети:
17-08-2018 00:45
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элден
27.07.2018. 22:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
31-08-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 14:16
Жынысы:
Белгисиз
-2
Качан кайра кызматка турат экен,тезирек эле келсе экен,Раим акабиз Кыргыз мамлекети учун кылчуу эмгеги али алдыда буйруса коптогон иштерди кылат.
27.07.2018. 23:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
26-09-2012
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:14
Жынысы:
Белгисиз
+5
Раим миллион негизсиз бошотулган болсо анда Сапар Исаков да негизсиз эле камалган. "Таанышың барда таңкасың" деген сөз ушул тура.
28.07.2018. 00:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
06-03-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:16
Жынысы:
Белгисиз
+4
Антип актана бербей ачык эле айткылада чечимди биз кабыл албайбыз жогору жактан келет. Деп эле. Матраимовуңарда эркекчилик кылбады Сапар пример болуп турганда бербей канча өтүп ал бошогондон кийин берип. Кызматтан алса эле сотко бере берсе анда Сапарда берсин 120 депуттатты жүйөөсүз бошотту деп. Сегизбаев Жолдубаевалар да берсин. Бирок алар азыр утпайт Атамбаевдин доору болгондо утмак. Сот силер сот эмей эле күн карамасыңар.
28.07.2018. 09:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+1
Бизде сот системасы качан оңолот? Качан чыгарган чечими туура эмес болгондо, ал чечими үчүн жооп бергенде оңолот. Сот системасы силерде бет барбы? Бүгүн бир чечим чыгарып эртең башка чечим чыгарасыңар. Б.а бийликтен көз каранды. Болбосо Раим миллион акталат беле.
28.07.2018. 20:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
16-10-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 11:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Азыркы бийлик коррупцияга курошту жакшы эле баштады эле.Бирок негедир Матраимовго алы жетпей койду.Мен бийликчил да,оппозиция да эмесмин.Дооларды чачып жургон Раим акабыз ,,таза" деп эч ким айта албайт.Таза коом качан келет экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114526;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: