Латын Америкасында жайгашкан Венесуэла буга чейин оор экономикалык кризисти башынан өткөрүп жаткан. Экономикалык кризис саясий кризиске айланып, учурда мамлекет элдик төңкөрүштүн босогосунда турат. Жүз миңдеген жарандардын кандуу кагылышуулары, державалардын кийлигишүүсү, эки жаатка бөлүнгөн эл... Венесуэладагы окуялардын чоо-жайы менен таанышыңыздар.
Элди көчөгө чыгарган кризис
31 миллионго чапчыган венесуэлалыктардын негизги байлыгы - нефть. 2014-жылы дүйнөлүк базарда нефть төмөндөп, бул өлкөнүн экономикасына оор сокку берген. Нефтти экспорттоо менен жашап келген Венесуэланын экономикасы ага чейин эле инфляция менен коррупциядан алсырап турган эле. 2015-жылы аталган тармактан түшкөн киреше үч эсе кыскарып, өлкө экономикалык кризиске тумчуккан. Жарандардын 93 пайызы азык-түлүктүн жетишсиздигинен бийликке нааразы боло баштаган болчу. 2014-жылдан бери оппозиция президент Николас Мадуро кызматтан кетиши керектигин айтып, экономикалык кризиске саясий факторлор себеп болуп жатканын белгилеп келген. Бирок Мадуро 2018-жылы экинчи ирет президенттик шайлоодо утуп чыкты. Анын жеңиши Батыш өлкөлөрүнүн, Латын Америкасындагы мамлекеттердин нааразычылыгын туудурду. Каршылык белгиси катары Аргентина, Бразилия, Канада баштаган 14 мамлекет өзүнүн элчилерин Венесуэладан чакыртып алды. Ал эми Орусия, Куба, Кытай Мадуронун жеңишин тааныды. АКШнын лидери Дональд Трамп кайрадан президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылса, Орусиянын президенти Владимир Путин Мадурону куттуктады.
Венесуэланын ички ишине "мурдун салган" державалар
Венесуэла президент Уго Чавестин учурунан бери, тагыраагы, 2008-жылдан тарта Орусия менен жакын мамиледе болуп келген. Аталган өлкөлөр 2009-жылы эки тараптуу 90 күндүк визасыз режим тартибине келишим коюуга жетишкен. 2008-2009-2010-жылдары президент, премьер-министрлердин деңгээлинде эки тараптуу расмий сапарлар ишке ашкан. Түштүк Осетия, Абхазия маселеси боюнча Венесуэла Орусиянын позициясын колдоп келген. Уго Чавес Кытай менен да саясий, экономикалык алакаларды түзүп кетсе, аны мураскери аталган Николас Мадуро улантууда. Бир сөз менен айтканда, Венесуэла социалисттик маанайдагы өлкөлөр менен бирге. Учурдагы оппозицияга каршы күрөштө да Мадурону Орусия, Түркия, Мексика жана Кытай ачык колдоого алды. Ал эми оппозициянын лидери болгон Хуан Гуайдо тарапта Латын Америкасынын бир топ мамлекеттери, АКШ, Канада, Израил турат. Ошентип бир нече державалардын Венесуэланын ички ишине кийлигишүүсү астында оппозиция менен бийликтин тиреши уланып келүүдө.
Уго Чавестин мураскери болгон Мадуро
56 жаштагы Николас Мадуро бийлик башына өлкөнү 14 жыл башкарган Уго Чавестин өлүмүнөн кийин келген. Ал Чавес менен 1998-жылдан бери жакын мамиледе болуп, саясатка аралашкан. 2005-жылы жогорку билими жок болсо да парламент спикери болгон. Азыр да анын бул "кемтиги" бүтөлө элек. Мадуро 2013-жылкы шайлоодо атаандашынан 1,5 пайызга көп добуш жыйнап, президенттикке жетишет. 2017-жылы болсо Конституцияны өзгөртүүгө киришкен. Бирок анын бул кадамын АКШ баштаган Батыш мамлекеттери сынга алган. Ал өлкөсүндөгү экономикалык кризиске карабай 2018-жылы кайрадан өлкө башчысы болуп шайланат. Бразилия баштаган бир нече Латын Америкасынын мамлекеттери шайлоо жыйынтыгына нааразычылык билдирүү максатында Венесуэладагы элчилерин кайтарып алган. Ушул сыяктуу туруксуз кырдаалдан улам 2018-жылы аскердик парадда Мадурого кол салуу болуп, бирок ал ийгиликсиз аяктаган.
Өзүн президент жарыялаган Хуан Гуайдо ким?
Хуан Гуайдо учурда 35 жашта. "Эл эрки" партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал алгач инженер кесибине ээ болуп, кийин АКШнын Жорж Вашингтон атындагы университетинде билим алган. Студент учурунда Уго Чавеске каршы акцияларга катышып жүргөн. 2010-жылы депутат болуп шайланып, 2019-жылдын 5-январында парламент спикерликке жетишет. Мадурого каршы акцияларды жетектеп, өлкөнүн атайын кызматы тарабынан 13-январда камакка алынып, кайра бошотулду. Жүз миңдеген тарапташтарынын курчоосунда Гуайдо өзүн Венесуэланын "убактылуу президенти" деп жарыялады. Анын легитимдүүлүгүн алгачкылардан болуп АКШ, Израил сыяктуу бир нече мамлекеттер тааныды. Учурда Гуайдо парламенттеги көзөмөлдү толук колуна алган.
Венесуэла кимди тандайт? Мадуро же Гуайдо
Учурда Венесуэланын тагдыры бүдөмүк бойдон турат. Мадуронун да Гуайдонун да ири колдоочусу бар. Бул жарандык согуштун чыгышына себеп болуп калышы мүмкүн. Гуайдо демократияга ыктап, Мадурону бийликти узурпация кылууда айыптоодо. Ал эми Мадуро өлкө тынчтыгы үчүн баары менен сүйлөшүүгө даяр экенин жар салды. "Мени шайлоодо эл президент кылып шайлаган. Бул өлкөдө эл тандайт, империя эмес", - дейт Мадуро. Венесуэланын ички саясатына державалардын кийлигишүүсү өлкөнү туңгуюкка кептебейби? Буга чейин эле артка кеткен мамлекеттин экономикасы эми эмне болот? Венесуэланын жаркын келечеги Мадуробу же Гуайдо? Мына ушул сыяктуу суроолор дүйнөнүн кызыгуусун арттырып турган чагы.