Аида Салянова: "Калыбек Салянов өз коопсуздугун ойлоп 3 жыл мурда өлкөдөн чыгып кеткен"

Калыбек Салянов өз коопсуздугун ойлоп 3 жыл мурда өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу экс-депутат Аида Салянова маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы Калыбек Саляновго карата иш козголуп, ар түрдүү аракет менен камакка алуу иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматтар келип түшкөн.

"Салянов чет өлкөгө көп чыкчу. 2016-жылдын аягында чет мамлекетке камынып жаткан учурда ишенимдүү булактардан "күнөөсү бар же жок экенине карабай камаш керек деген тапшырма келди" деген маалымат келген. Буга байланыштуу ал өз коопсуздугу үчүн өлкөгө келбей эле коюу тууралуу чечимин кабыл алган.

Аны камакка алуу себеби төмөнкүдө болгон. 2016-2017-жылдары парламентте бийликти сындап сүйлөгөн бир нече эле оппозициялык маанайдагы депутат бар болчу. Алардын ичинде мен да бар элем. Ошондуктан Калыбек Саляновду камоо аркылуу менин оозумду жабууга аракет кылышкан", - деди Салянова.

Маалымат жыйынында экс-депутат Саляновго карата "иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу" беренеси боюнча айып тагылып жатканын билдирди.

2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы үйүнөн эртең менен чыгып, ошол боюнча кайрылып келген эмес. Туура бир жумадан соң 17-мартта анын сөөгү Байтик айылынын чекесинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Салянованын тууганы Калыбек Саляновдун (айрым маалыматтарда айтылган дагы бир фамилиясы Элтуйбасов) кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gema
2019-01-29 14:52:25
Эгер ак таза болсо эмнеге качып кетти
+4
Nursbaike
2019-01-29 14:55:23
Gema,туура ушул генпрокурордун созу ушундайлар башкарды Кыргызстанды окунучтуу . Эми уялбай актап атат.
+2
TalaCSKA
2019-01-29 16:49:13
Камиланын олумуно тиешеси болушу мумкун ошону учун качып кеттида. саунадагы камеранын записин очуруп койуп.
+1
BarsBaatyr
2019-01-29 18:13:55
Күнөөлүү болсо керек да. Ошого келбей жатса керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан