Орусияда 1 жарым жаштагы бала ачкачылыктан улам каза болду

Орусиядагы Санк-Петербург шаарындагы Кронштад көчөлөрүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен 2017-жылы төрөлгөн наристенин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 1 жарым жаштагы баланын каза болгон себеби ачкачылык болгону айтылууда. Учурда Орусиянын Иликтөө комитети аталган окуя боюнча наристенин апасын убактылуу кармоочу жайга камакка алган.

"31 жаштагы шектүүнүн дагы 2 баласы бар экени жана эч жакта иштебегени маалым болду. Бир баласынан ата-энелик укугу ажыратылган. Азыркы бала эмне себептен улам каза болгондугун соттук-медициналык экспертиза аныктап жатат", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми балдардын укугун коргоо боюнча президенттин алдындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Анна Кузнецова ачкачылыктан каза болду делген наристенин өлүмү боюнча Санкт-Петербург шаарынын прокуратурасына кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан