"Реал Мадрид" жана "Барселона" клубдары 1 айдын ичинде 3 жолу беттешет

1-февралда футбол боюнча Испания кубогунун жарым финалына өткөн командалар арасында чүчү кулак ташталды. Жыйынтыгында финалга чыгуу укугу үчүн "Барселона"-"Реал Мадрид" жана "Бетис"-"Валенсия" клубдары бири-бирине каршы ойномой болду.

"Бетис"-"Валенсия" беттешинин алгачкы оюну 5-февралда болсо, жооптук беттеш 28-февралда орун алат.

"Барселона" жана "Реал Мадрид" клубдары 6-февралда "Камп Ноу" стадионунда беттешип, 27-февралда жооптук оюн мадриддик клубдун "Сантьяго Бернабеу" стадионунда өтөт. Ал 3-март күнү аталган клубдар кайра эле Мадрид шаарында испан чемпиондугунун 26-турунун алкагында кез келишет. Буга байланыштуу футбол күйөрмандары 6-февралдан 3-мартка чейинки аралыкта 3 ирет "Эль-Класико" беттешин көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Буга чейин испан кубогунун тарыхында 19 жолу "Эль-Класико" орун алган. 10 жолу "Реал Мадрид" жеңүүчү аталса, 9 жолу каталондук клуб жеңишке жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Azat.97
2019-02-02 13:58:08
Реал Мадрид алгааа!!!
+4
kechirmeni
2019-02-02 14:08:16
Кыргызстандан башкасы чын журоктон баары бир!
+11
marat_1910
2019-02-02 14:29:16
барса барса барса
-3
Zamirbekkg
2019-02-02 14:42:22
Барса утат буйруса. Реалды Дордой менен Алай деле утат да.
-2
Boha1
2019-02-02 14:48:11
Эми 3 оюнду тең Барса утат. Реалдын доору бүттү уже
-2
duishonbek03
2019-02-02 14:56:09
Роналду жок дух жок Реалда,
0
baiazat
2019-02-02 15:25:27
Топ тоголок кимиси утсада кызыктуу оюн корсок болду..
+13
Janel2013
2019-02-02 20:42:33
Барса Реалдын байрагын чечет го.
-2
Kristianuronaldu
2019-02-02 21:54:05
Ель классико реал - барса деп келгенбиз буга чейин бирок ель классикону барса -ЮВЕНТУС дан кутсок болчудай
-3
Bale1111
2019-02-03 00:23:03
Реал
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан