Футзал боюнча Кыргыздын улуттук курама командасы Литваны ири эсепте утуп алды

Футзал боюнча Кыргыздын улуттук курама командасы Литва өлкөсүнө каршы оюнда ири эсепте жеңишке жетти. Жолдоштук беттеш 2-февралда Литванын Преней шаарында өттү.

Кыргыз курама командасы алгачкы мүнөттөрдөн тартып оюн тизгинин колго алып, 2-мүнөттө Мирлан Жолдубаев эсепти ачса, 6 жана 10-мүнөттө жаралган Максат Алимов менен Дильшат Кадыровдун голдору улуттук кураманын үстөмдүгүн ири эсепке жеткирди. 12-мүнөттө талаа ээлеринин оюнчусу Дариус Янкаускастын жараткан голуна 14-мүнөттө Дильшат Кадыров экинчи голу менен жооп кайтарды. 4 мүнөттөн кийин Литванын оюнчусу Гытис Василиус гол жаратып эсеп 4:2ге айланды. Бул эсеп дээрлик оюндун соңуна чейин сакталып турганы менен, 40-мүнөттө Шохрух Махмадаминов менен Сагындык Акимбаевдин голдору 2:6 эсебинде кыргыз курама командасына жеңиш алып келди.

Бүгүн, 3-февралда футзал боюнча улуттук команда Литва өлкөсүнө каршы экинчи жолдоштук оюн өткөрөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 8:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан