Кыргыз спортчусу Иззат Артыков Таиландда өткөн оор атлетика боюнча эл аралык мелдеште 4-орунду ээлеп калды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, "EGAT's Cup-2019" аталышындагы мелдеште Иззат Артыков 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Булкуп түртүүдө Иззат Артыков 120 килограммды көтөрүп, түртүп көтөрүүдө 150 килограммды көтөрүп, жалпы 270 килограммды көтөрдү. Бул жыйынтык менен Иззат Артыков 4-орунда жайгашып калды. Бирок Артыков Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн алгачкы упайларга ээ болду.