Футбол федерациясы башкы машыктыруучу Александр Крестинин менен келишимди узартты. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматы билдирди.
Федерация менен Крестининдин ортосундагы жаңы келишим "4+1" (жыл) системи менен түзүлдү. Ага ылайык, Александр Крестинин Кыргыз улуттук курама командасын 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу этабына жана 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна даярдайт.
Белгилүү болгондой, Александр Крестинин Кыргыз улуттук курама командасын 2014-жылдан бери машыктырып келет. Крестининдин баштоосунда Кыргыз курамасы алгачкы ирет Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгып, анда жарым чейрек финалга чейин жеткен.